"Акыркы убактарда интернет айдыңында паспорттун баасы кымбаттады деген туура эмес маалыматтар айтылып жатат", - деди бүгүн, 19-июлдагы маалымат жыйында мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев.
Ал паспорттун баасын жогорулатылбай турганын айтты. "Эски 2004-жылкы паспорттун баасы бардык чыгымдар менен 556 сомду түзөт. Ал эми жаңы электрондук паспорттун баасы жылдын аягына чейин акысыз берилет. Аны жоготуп алса 500 сом төлөп кайрадан алат. Ошондо жаңы паспорттун баасы 56 сомго арзандады", - деди Догоев.
Ошондой эле ал банктарда жарандын өздүгү тууралуу чиптеги маалыматты көрө турган жабдуусу жоктугуна токтолуп: "1 жарым жыл мурун Улуттук банкта ар бир коммерциялык банктарды ушул маселени талкуулоо үчүн чакырып, маалымат бергенбиз. Чогуу иштөөгө чакырганбыз. Банктар бүгүнкү күнгө чейин тиешелүү чара көргөн жок. 13 банк менен келишим түзүп, электрондук форматта маалымат алууга акысыз мүмкүнчүлүк ачып бердик. Коммерциялык банктардын аппарат алганга мүмкүнчүлүктөрү бар. Жөнөкөй аппараттар 5-10 доллар турат. Чоң каражат эмес. Чипти жарандын уруксаты жок эч ким ача албайт", - деди. Учурда 102 миң жаран биометрикалык паспорт алганын кошумчалады.