18-майда Талас шаарындагы "Манас Ордо" комплексинде Манас күнү эл аралык деңгээлде белгиленди. Иш-чарага Казакстандан келген Баянгалый Алимжанов манасчы жана кытайлык манасчылар, ошондой эле кыргыз манасчылары Замир Баялиев, Камил Мамадалиев, Дөөлөт Сыдыков жана башкалар катышып, "Манастан" үзүндүлөр айтылды. Эске салсак, мындай иш-чара 3 жылдан бери белгиленип келет. Бул тууралуу манасчы, фестивалдын катышуучусу Замир Баялиев мындай дейт:
"Манас күнү 3 жылдан бери жылдан-жылга улам бир артыкчылык, өзгөчөлүк менен белгиленип келет, ал эми бул жылы коңшу өлкөлөрдөн да манасчылар чакырылып, эл аралык деңгээлде өтүп жатат".