Бүгүн, 19-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланды. Анда күбө катары Бактыбек Калпетов суралды.
"2010-жылы 13-майда Дүйшөнкул Чотоновдун жанында жүргөм. Түштөн кийин Исаков экөө Ошко тик учак менен учуп кетишти", - деди Калпетов.
Кийинки күбө Замирбек Аданов: "Мен 2010-жылдын 13-майында Чотонов менен болдум. Себеби ал убактарда анын айдоочусу болуп иштегем. Эртең менен аны үйүнөн жумушка алып бардым. Түштөн кийин аэропортко бардык, бирок учак учпай Коргоо министрлигинин аэродромуна келдик. Ал жерден Чотонов менен Исаков тик учак менен Ошко учуп кетишти", - деди.
Ал эми Руслан Бейшебаев өзүн Талант Маматкеримов менен мектепте чогуу окугандыгын айтты. "2010-жылдары Талант менен чогуу кафелердин биринде отуруп калдым. Руслан Оңолбеков да бар болчу. Талант ошондо "Жакында Азатты "Мегакомдун" тышкы байланыш башкармалыгына жетекчи кылып дайындайбыз" дегенин уккам".
Ошондой эле соттук отурумдун жүрүшүндө күбө катары Темир Эмилов да суралды.
"2010-жылы мен Ленин районунун акиминин орун басары болуп иштегем. Август айларында түшкө жакын "Супарага" Өмүрбек Чиркешович менен баргам. Ал жакта орус киши күтүп отуруптур. Биз менен Борбашев ошондой эле Текебаевдин жан сакчысы бар болчу. Орус кишинин Маевский экенин жакында эле билдим. "Супарада" Чотонов жок болчу", - деди Эмилов.
Акыркы күбө сүйлөп жатканда прокурор сотко "Күбөгө залдагылар жардам берип жатат, эскертүү бериңиз" деп кайрылды. Сот залда отурган Канат Азизди конвойлорго айтып чыгарып салды. Буга соттолуучунун тарапташтары нааразы болуп чыгышты. Сот аларды да баарын залдан чыгарып салууну айтты. Залдан эл чыкпай коюп сот Айбек Эрнис уулу 5 мүнөт тыныгуу жарыялап чыгып кетти. Кийин Текебаев менен Чотоновду да залдан алып чыгып кетишти.