Жактоочу: "Маевскийдин Текебаев жана Чотонов менен телефон аркылуу байланышта болгону далилденген эмес"

Бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Сот "Ата Мекен" партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча доо арызды карап жатат. Учурда 8 жылга эркинен ажыратылган эки саясатчынын жактоочулары Канат Хасанов, Чынара Жакупбекова жана Марат Эшперов соттук коллегияга төмөнкү инстанциядагы соттордун өкүмүнө эмне себептен каршы экенин түшүндүрүшүүдө.

Чотоновдун жактоочусу Марат Эшперовдун билдиришинче, эки саясатчыга карата тагылган айыптоолор тергөөдө да, соттук териштирүүдө да далилденген жок.

"Маевский тергөөдө Текебаевге акча берүүдө Текебаев жана Чотонов менен күн сайын байланышта болгонун билдирген. Бирок алардын байланышта болгонун далилдөөчү материалдар табылган эмес. Ошондой эле экс-депутат Өмүрбек Абдрахманов жана "Мегакомдун" башкы директору Азат Базаркулов Текебаевге Маевский тарабынан 1 миллион доллар берилгенин укканын айтышкан. Алардын айткандары да жоромолго, имиш сөздөргө негизделгендиктен сотто далилденген жок", - деди Эшперов.

Белгилей кетсек, 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов ар бири күчөтүлгөн режимде 8 жылга эркинен ажыратылган. Аларга карата мүлктөрү конфискацияга алынсын деген прокурорлордун өтүнүчүн да сот канааттандырып, абактан чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салынган.

2-октябрда Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.

19-октябрда Текебаев №1-СИЗОдон №47-түзөтүү колониясына, Чотонов Молдовановкадагы №27-түзөтүү колониясына которулган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nurik1988
2017-11-21 14:37:54
Актап жиберсин эми
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан