Бишкекте эки окуучуну сүзүп, качып кеткен айдоочунун жактоочусу: "Биз райондук соттун өкүмүнө макул эмеспиз, шаардык сотко кайрылабыз"

Бишкекте эки окуучуну сүзүп, 8 жылга эркинен ажыратылган Мирлан Ажыбековдун жактоочусу шаардык сотко арызданат. Мындай маалыматты бүгүн, 19-июлда SUPER.KG порталына жактоочу билдирди.

"Биз Ленин райондук сотунун өкүмүнө макул эмеспиз. Сот туура эмес кылды. Мирлан Ажибековдун мас абалда экендиги боюнча далил жок болчу. Ал өзү милицияга "кылмыш кылып койдум" деп 9 сааттан кийин келген. Негизи ал кырсыктан кийин гана пиво ичкен экен. Эми биз шаардык сотко арызданабыз", - деди Ажибековдун жактоочусу.

Эске салсак, бүгүн эки окуучуну сүзүп, качып кеткен Мирлан Ажибековдун иши Ленин райондук сотунда каралып, 8 жылга эркинен ажыратылган. Жазасын жатак абакта өтөй турганы белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nurbek11
2017-07-19 16:52:22
Кылгылыкты кылып коюп эми бей куноо бечара болуп чыга келишет акмактар. Качкандын ордуна биринчи жардамды корсотсо кечиримдуу болушат эле.
0
BarsBaatyr
2017-07-19 19:21:18
Мен сот болгондо мындай козун май баскан айдоочуну кеминде 15 жылга камамакмын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан