Чет өлкөлөрдө кыргызстандыктардын 72 коомдук бирикмеси бар экендигин бүгүн, 20-майда ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди. Айтымында, Орусияда 50, Казакстанда 7, Бельгияда 4, Германияда 3, Түркияда 1, Украинада 1 коомдук бирикме бар. Премьер-министр өкмөт бул өкүлчүлүктөр менен кызматташууну өнүктүрүүгө ниеттенип жаткандыгын белгиледи. “Мындан ары алар бизге чет элдеги мигранттарды Кыргызстандын мыйзамдарынын өзгөргөндүгү тууралуу маалымдоо, ошондой эле кыргызстандык мекендештердин маселелерин чечүүгө жардам көрсөтүүсү үчүн кызматташканы жатабыз”, - деди өкмөт башчы.