Баткенде 5-июлда дайынсыз жоголгон 5 баланын атасын издөө иши токтотулду

Баткен районундагы Кыштут айыл аймагына караштуу Таян айылынын 45 жаштагы тургуну 5-июлдан бери дайынсыз болуп изделип жаткан. ӨКМнын маалымат кызматы издөө иштери токтотулганын 19-июлда кабарлады. Буга 18-июлда анын туугандары тарабынан издөөнү токтотуу тууралуу жазып берген каты негиз болгон.

Маалым болгондой, изделип жаткан жаран айылдан чыгып тоо тарапка басып кетип ошол бойдон кайрылып келген эмес. Алгач туугандары өз алдынча издөөгө алып, натыйжа болбогонунан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондогу куткаруу тобуна кайрылып издөөгө жардам берүүнү сурашкан. Андан кийин куткаруучулар тобу, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү эл издөө иштерин жүргүзүп таба албай келишкен. Табылбай жаткан жарандын 5 баласы бар экендиги айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
munira-tilen
2017-07-20 09:07:44
Куткаруучулар бир кунго бир канча акча сурайт екен анан байкуштар токтотот даа
+5
KIPCHAK-KALMAK
2017-07-20 09:27:50
Сурайтта айлыгы аз болуп атса
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан