Дарыгер: "Көп кабаттуу үйдөн кулаган куруучунун кабыргасы сынып, өпкөсүнө сайылып калган"

Көп кабаттуу үйдөн кулаган куруучунун кабыргасы сынып, өпкөсүнө сайылып калган. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда SUPER.KG`ге Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмазбек Кубатбеков билдирди.

"Абалы жакшы, бүгүн жандандыруу бөлүмүнөн палатага которолу деп жатабыз. Рентген менен текшергенде 3-4 кабыргасы сынып, өпкөсүнө сайылып калганы аныкталды. Андан тышкары баш мээси чайкалган", - дейт Алмазбек Кубатбеков.

Айта кетсек, кырсык Абсамат Масалиев жана Бах көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдө болгон. Анда эки куруучу түшүп турган каретанын бир жагындагы тросу үзүлүп, бир куруучу жерге кулап түшкөн. Ал эми экинчиси каретаны кармап калууга үлгүргөн. Кырсыктын кесепетинен жерге кулап түшкөн куруучу ошол жерден жан берген. Жабырлануучу болсо ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Hadyja
2017-07-20 13:41:25
Куруучуларга боорум ооруйт,кышы-жайы дебей,оз омурун тобокелге салып иштешет.
Кыяматта куруучулардын коопсуздугуна кетируучу акчаларды чонтогуно салып алгандардын абалы оор болсо керек.
Кудай сактасын,строительдерибизди.
Каза болгон байкенин Ыйманы Саламат Болсун!
+3
Mahabat84
2017-07-20 15:46:15
Өкүнүчтүү
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан