Токмокто адам өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 20-июлда SUPER.KG порталына Башкы прокуратурадан тастыкташты.
Чүй ОИИББинин маалыматына караганда, кырсык 17-июлдан 18-июлга караган түнү саат 00:20лар чамасында Токмок шаарына жакын жерде болгон. Анда Хонда Стрим жана Тойота Корона үлгүсүндөгү унаа сүзүшүп, биринчи унаанын айдоочусу (аял киши) ооруканадан каза болгон.
Ал эми экинчи унааны Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук прокурорунун жардамчысы Данияр Сейталиев башкарып бара жаткан. Айрым маалымат каражаттары Сейталиевдин мас абалда болгонун жана анын унаасында токтотулган 25 кылмыш иши табылганын жазып чыгышты. Бирок бул маалыматты Башкы прокуратурадан тастыкташкан жок.
Азыркы тапта Данияр Сейталиев Бишкектеги №1-СИЗОго эки айга киргизилди.