Республика боюнча 96271,2 гектар жерди зыяндуу чегиртке каптап, аларга каршы уу себилүүдө

Химизация жана өсүмдүктөрдү коргоо департаменти өлкө боюнча чегирткелер менен күрөшүүнү улантууда. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Республика боюнча 119 миң 561 гектар жер изилденип, 96271,2 гектарына чегирткелер зыян алып келгени маалым болду. Бүгүнкү күндө 94201,2 гектарына чегирткеге каршы дары себилди.

Аксы районунда 24950, Ноокенде 17585, Ала-Букада 1000, Базар-Коргондо 600 гектар жерди зыяндуу чегирткелер каптаган, баарына дары себилгенин кабарлашат басма сөз кызматы.

Чүй облусунда 5930, Баткен облусунда 3120, Ош облусунда 9995, Талас облусунда 4000 гектар жерге дары себүү муктаждыгы жаралып, баарына себилип бүткөн. Ал эми Нарын облусунун 21349,5 гектар жерин зыяндуу чегиртке каптаган. 19379,5 гектарына чегирткелерге каршы уу себилди. Жумгал менен Нарын райондорунун айрым аймактарында учурда дарылоо иштери бүтө элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан