Атамбаев: “Манастын жана Барсбек кагандын эстелигин орнотоюн дегенде Алтай, Хакасия Республикаларынан баш тарткан жооп алдык

“Манастын жана Барсбек кагандын эстелигин орнотоюн дегенде Алтай, Хакасия Республикаларынан баш тарткан жооп алдык”, - деп билдирди бүгүн, 20-июлда “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдери” эл аралык форумдун ачылышында президент Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчы тарыхтан жана тарыхый эстеликтерден коркпош керек экенин айтты. Тарыхты унутуп калгандан жана тарыхты бурмалагандан коркуу зарыл экенин кошумчалады.

“Ар бир кыргыз үчүн “Алтай”, “Ала-Тоо”, “Манас” жана “Эне-Сай” сөзү ыйык болуп саналат. Биз, кыргыздар кыска убакыттын ичинде бул долбоордун борборун түзгөнгө даярбыз. Ошондой эле эне-сайлык кыргыздардын жана Кыргыз каганатынын музейин уюштурсак болот. Бизди Орусиянын президенти дагы колдойт деп ишенем. Баарыңыздарды форумдун ачылышы менен куттуктайм. Ишибиз ийгиликтүү, жемиштүү болсун. Форумга 12 мамлекеттин, 20га жакын элдердин өкүлдөрү катышып отурат”, - деди ал.

Ал форумга катышып жаткандарга ыраазычылык билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан