"2012-жылы пенсия 14 пайызга көбөйдү. Быйыл 10 пайызга көбөйөт". Бул тууралуу бүгүн, 20-майда парламенттеги көпчүлүк коалициянын жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди. Айтымында, пенсиянын көлөмү аз. “Бул багытта иш алып баруу кажет”,- деди өкмөт башчы. Ошондой эле премьер-министр 1-июлдан баштап, айыл өкмөттөрүндө иштегендердин, ал эми 1-октябрдан баштап министрликтерде жана агенттиктерде иштегендердин айлык акысы 30-50 пайызга чейин көтөрүлөрү тууралуу билдирди.