Бүгүн, 20-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум өтүүдө. Анда Текебаевдин жактоочусу тарабынан сотко кезектеги ишенбөөчүлүк көрсөтүлдү. Жактоочулар сотту прокурорлор менен тил бириктирип жазык ишти карап жатат деп анын калыстыгынан шек саноодо.
Сот болсо "прокурорлор менен биригип алып жазык ишти карап жатат" деген негизсиз экенин айтып, жактоочунун өтүнүчүн канааттандырган жок.
Соттун бул чечимине жактоочулар нааразы болуп, Канат Хасанов дагы бир жолу ишенбөөчүлүк көрсөттү.
"Мен сизге экинчи ирет ишенбөөчүлүк көрсөтөм. Биздин ишенбөөчүлүк көрсөтүшүбүзгө келген күбөлөрдүн суралбай жатышы себеп. Сиз башка негизди көрсөтүп жатасыз. Эмне үчүн өтүнүч келтиргенде анын маанисин өзгөртүп жатасыздар?" - деди Хасанов.
Бирок сот жогорудагы өтүнүчтү дагы канааттандырган жок.
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун сотунда ушуну менен 11-жолу сотко ишенбөөчүлүк көрсөтүлүп жатат.