"Ата Мекен" партиясынын мурдагы мүчөсү Сакен Борбашев 13-июлда Текебаевдин иши боюнча сотто көрсөтмө берди.
“Биз "Супарага" барганбыз, бул августтун аягы болчу. Ал учурда мен Өмүрбек Текебаев кимге жолугарын билген эмесмин. Анткени жолугушуулар туурасында жарым саат мурун гана билчүмүн. Биз бейтааныш адам менен чай үстүндө отуруп сүйлөштүк. Сүйлөшүүнүн мааниси Орусия саясатчылары менен мамиле түзүү боюнча макулдашуу экен. Мен бир канча Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаттарынын аттары аталганын уктум. Менин алдымда сүйлөшүүлөрдө акча, доллар жөнүндө сөз болгон эмес. "Супарада" көп адамдар болгон”, - деди Борбашев.
Ал эми айыпталуучу Текебаев: “Биздин партияны америкалык көз караштагы партия дей бергендиктен мен Орусия саясатынан колдоо издеп, Чотоновдун сунушу менен Маевскийге жолуктум. Бирок ал орус саясатчылары менен байланыш түзүп бере алган жок. Сергей Миронов менен өзүм жолуктум. Мен Маевский менен жолукканыма абдан өкүнөм”, - деди.