2017-жылдын январь айынан май айына чейин чет мамлекеттерде иштеген Кыргыз жарандары өлкөгө 695 миллион доллар которду. Өткөн жылдын ушул аралыктарында жалпы сумма 499 миллион долларды түзгөн.
Бул маалыматты бүгүн, 20-июлда Бишкекте өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын жыйынында экономика министри Арзыбек Кожошев билдирди.
Министр ошондой эле тышкы товар жүгүртүүнүн көлөмү мурдагыга салыштырмалуу 16 пайызга өскөндүгүн кошумчалады.