Бүгүн, 21-июлда Ысык-Көл облусунун Өрнөк айылында “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер" эл аралык форуму уланууда. "Курманжан датка" атындагы көчмөндөр цивилизациясы музейинде "Алтай көчү" экспозициясынын расмий ачылышы болду. Иш-чарага президент Алмазбек Атамбаев, Башкортостандын башчысы Рустэм Хамитов, чет элдик жана жергиликтүү коноктор катышууда.
Алмазбек Атамбаев: "Бүгүн чоң комплекстин 1 эле павильону ачылды. Келечекте бул жерде Кыргыз көчү, Татар көчү, Казак көчү павильондору ачылат. Арабдар келет, алардын да павильону ачылат. Жаштар, унутпагыла, кыргыз кызы эч качан бети-башын чүмкөгөн эмес, кыргыздын өзүнүн кийими бар. Кыргыз кыздары эл башкарган. Өз маданиятыбызды унутпайлы. Кыргыз деген кырк ууз деген. Менде көп кызыктуу карталар бар, баарында татар же казак деп өзүнчө жазылбайт. Кыргыз казактары, Кыргыз татарлары деп жазылат, анткени Кырк ууз деген эл болгонбуз. Керек болсо кыргыз эли башка элдерди бириктирген элбиз", - деди.