19-майда Нарын облусундагы Нарын дарыясынын Ак-Кыя айылына караштуу бөлүгүнөн мектеп окуучусунун сөөгү табылды. Окуяны иликтөөдө төмөнкүлөр белгилүү болду.
Каза болгон окуучу кыз №10-Ж.Чолпонбаев атындагы орто мектептин 11-классынын окуучусу Жантай кызы Кенжегүл экендиги белгилүү болду. 18-19-май күндөрү Нарын шаарындагы №7-М.Сыдыков атындагы орто мектепте Жалпы республикалык тестирлөө болуп өткөн. Эртең менен саат 07:00дөн баштап окуучулар тестирлөөгө катышуу үчүн мектепке чогула башташкан. Ага Нарын шаарындагы бардык мектептерден окуучулар барышкан, алардын катарында каза болгон кыз окуган №10-мектептин бүтүрүүчүлөрү да болгон. Классташы Темирбеков Бекболсундун айтымында, каза болгон Кенжегүлдүн тестирлөөгө кирүүгө тиешелүү документтери толук болбой калган. Чоң залда турган башка мектептин окуучулары дагы бул нерсеге күбө болушуп, кыз уялып мектептен чыгып кеткен. Ошол бойдон кызды көрүшкөн эмес.
№10-мектептин директоруна жолукканыбызда ал буларды айтып берди:
“Кенжегүл жоош, сабактарда сураса жакшы жооп берген кыз болчу. Ал тестирлөөгө барар күнү жанына паспортун, тестке кирүүчү талонун алып алышы керек болчу. Паспорту жок болгондуктан, туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана мектепте окугандыгы анык деген тастыктама менен баруусу керек болгон. Тилекке каршы, анын жанында андай документ болгон эмес. Саат 14:00дө тестке кирип катышканга уруксат алуу үчүн мектепке класс жетекчисине жолукканы кеткен. Бирок класс жетекчисин таппай калып, үйүнө кетип калган”.
Ал эми классташтары жана класс жетекчиси Кенжегүлдү үйүнө издеп барышканда, үйүндө байкесинен башка эч ким жок болгон. Андан соң окуучулар Нарын дарыясынын жээгинен анын бут кийимин табышып, милиция кызматкерлерине кабарлашкан.