Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев бүгүн, 20-майда парламенттеги көпчүлүк коалициянын жыйынында Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Ишимбай Чунуев эмне себептен кызматтан бошотулбай жатканын премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевден сурады. Депутаттын айтымында, Башкы прокуратура Чунуевдин мыйзам бузуулары тууралуу чечим чыгарган, ошондой эле комитеттердин жана көпчүлүк коалициянын чечимдери бар.
“Массалык маалымат каражаттарында жана коомчулукта 2 популярдуу киши бар. Алардын бири Азиз Батукаев, экинчиси Ишимбай Чунуев”,- деди эл өкүлү. Өз кезегинде өкмөт башчы 28-майда өкмөттүн жыйыны болорун айтып, ал жерде аталган маселе караларын билдирди. “Анын ишин текшербей туруп кантип кызматтан кетирмек элем?”- деди премьер-министр.