Нарын шаарына курула турган кыздардын түрк лицейинин пайдубалы түптөлдү

Бүгүн, 20-майда Нарын шаарына курула турган кыргыз-түрк кыздар лицейинин пайдубалы түптөлүп, алгачкы кыш коюу салтанаты болду. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган мекеменин курулушуна 3 миллион доллар сарпталып, 3 жылда курулуп бүтөт. Анда 400дөн ашык кыз билим ала алышат. “Лицейдин ачылышы облустун аймагындагы кыздардын билим алуусуна жакшы шарт түзүп, бул жерден билим алгандар облустун атын чыгарат деген ишеничтебиз”, - дейт Кыргызстандагы “Себат” лицейинин президенти Орхан Инанды.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан