ЖЫЛНААМА, 23-ИЮЛЬ: 8 жыл мурун президенттик шайлоо өтүп, Курманбек Бакиев экинчи ирет президент болуп шайланган

Мындан 8 жыл мурун, 2009-жылы 23-июлда президенттик шайлоо өтүп, Курманбек Бакиев экинчи ирет президент болуп шайланган. Шайлоого калктын 80 пайызы катышып, Бакиев 90 пайыз добуш алганы маалымдалган. Байкоочулар арасында шайлоонун жыйынтыктары акыйкатсыз чыгарылды деген шек саноолор болгон. Ошол эле жылдын 2-августунда инаугурация өтүп, Курманбек Бакиев президенттик кызматка экинчи ирет келген.

2010-жылы оппозиция өкүлдөрү Бакиевдин отставкасын талап кыла башташкан. 7-апрелдеги митинг куралдуу кагылышка алып келип революцияга айланган. Апрель окуясынын катышуучулары Ак Үйдү басып алгандан кийин Бакиев борбордон Жалал-Абад облусуна качууга мажбур болгон.

2010-жылы 19-апрелде Беларусь президенти Александр Лукашенко ага башпаанек берип, Бакиев Кыргыз өлкөсүнөн чыгып кеткен. Ошол мезгилден бери аталган өлкөдө жашап келет.

23-июлдун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан