Канат Садыков: "Мектептерде бүтүрүү кечесин өткөрүүгө эч ким тыюу салган жок"

"Мектеп окуучуларына бүтүрүү кечесин өткөрүүгө эч ким тыюу салган эмес". Бул тууралуу 20-майда парламенттеги көпчүлүк коалициянын жыйынында Билим берүү жана илим министри Канат Садыков билдирди. Айтымында, бүтүрүү кечелери мугалимдердин жана ата-энелердин көзөмөлүндө өтүүгө тийиш. “Акыркы коңгуроо майрамы тынч өтүшү керек. Унааларды айдап, ар кандай тартипти бузган көрүнүштөрдүн болушуна гана тыюу салынган”,- деди министр.  

Өз кезегинде депутат Асия Сасыкбаева бүтүрүү кечесин өткөрүүгө тыюу салбоо керектигин белгиледи. “Тескерисинче, аларга шарт түзүп берүүбүз керек. Укук коргоо органдары эмне иш кылып жатышат? Алар ушул жагдайды көзөмөлгө алып, тартип бузууларды болтурбашы кажет”,- деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан