Алмазбек Атамбаев Чыныбай Турсунбеков тууралуу: “Адашпаган адам, мүдүрүлбөгөн туяк болбойт”

Чыныбай Турсунбеков жакшы иштеп, жакшы фракциянын лидери болуп иштеди. Бирок жаңылбаган адам болбойт экен да...” - деп билдирди бүгүн, 24-июлда Чолпон-Атадагы резиденцияда берип жаткан маалымат жыйында президент Алмазбек Атамбаев. Ошондой эле мамлекет башчы партиянын чечими менен макул болбогондор андан чыгарылышы керек экенин айтты. “Талапкерлерди көрсөтүү маселеси көтөрүлгөндө мен сурамжылоо жүргүзүүнү сунуштагам. Партия жыл башынан бери 3 жолу сурамжылоо жүргүздү. Биринчи орунда Сооронбай Жээнбеков, экинчиде Сапар Исаков болгон. Ошондуктан партия Жээнбековду тандады. Талапкер болом деген адам ушундай мүмкүнчүлүктөргө ээ болуусу зарыл”, - деди өлкө башчы.

Эске салсак, 15-июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков КСДПнын съездинде партиянын ичинде өзгөрүү болушу керек экенин айтып, президенттикке аттанарын билдирген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан