2012-2013-окуу жылында Кыргызстан боюнча мектепти 70
миң окуучу бүтүрүүдө. Ал эми 9-классты бүтүп жаткандардын саны 100 миңден ашуун.
Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка
ылайык, 3-июндан 22-июнга чейин 11-класстын бүтүрүүчүлөрү 5 сабактан сынак
тапшырышат. Ал эми 3-июндан 18-июнга чейин 9-классты бүтүрүп жаткан окуучулар 5
сабак боюнча аттестациядан өтүшөт. Ал эми 24-июнда саат 10:00дө бардык мектептерде
орто билим тууралуу аттестаттарды тапшыруу аземи болмокчу.