Текебаев менен Чотоновдун сотун караган сотко 14-жолу ишенбөөчүлүк көрсөтүлдү

Бүгүн, 27-июлда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун сотунун кезектеги соттук отуруму орун алып, анда соттолуучулар төраганын чечимине нааразы болгондуктан, аларды сот залдан чыгарып салган болчу. Мындан улам сот Айбек Эрнис уулу өзүнө келтирилген ишенбөөчүлүккө негиз жок экендигин айтып, ишти соттолуучуларсыз өтө берүү тууралуу чечимин окуп, отурумду улантты.

Чотоновдун жактоочусу Бактыбек Жумашов башка соттук иш боюнча соту болорун айтып, залдан чыгып кетти. Андан соң Чотоновдун экинчи жактоочусу Марат Эшперов тергөөдө мыйзам бузууларга жол берилгендиктен материалдар кайра тергөөгө жөнөтүлүшү керектигин айтты.

"Текебаев менен Чотоновдун ишин иликтеген УКМКнын тергөө кызматы тарабынан мыйзамдар одоно түрдө бузулган. Мисалы, УКМКнын Тергөө башкармалыгынын башчысы Нурлан Мусаканов түзүлгөн тергөө тобун жетектеп, Текебаев менен Чотоновдун тергөө иштерине түздөн-түз катышкан. Анын башкармалыктын жетекчиси экенин эске алганда, тергөө тобун жетектөөгө укугу жок болчу. Мусакановдун аракеттери жазык процессуалдык кодексинин бир нече беренелерине каршы келет. Ошондуктан материалды кайра башынан тергеп чыгууга жөнөтүүңүздү өтүнөм", - деди. Нөөмөттөгү жактоочу кесиптешин колдоду.

Сот кайрадан чечим чыгаруу бөлмөсүнө барып келип, материалды кайра тергөөгө жөнөтүүгө негиз жоктугун айтып, жактоочунун өтүнүчүн канааттандырган жок.

Соттун бул аракетине нааразыланган жактоочу Эшперов Айбек Эрнис уулуна ишенбөөчүлүк жарыялады.
Сот өзүнө келтирилген ишенбөөчүлүк боюнча чечимди 14:00дө окуй турганын айтып тыныгуу жарыялады.
Белгилей кетсек, Текебаев менен Чотоновдун ишин караган сот Айбек Эрнис уулуна ушуну менен 14-жолу ишенбөөчүлүк көрсөтүлдү. Буга чейинки ишенбөөчүлүктөрдүн бири да канааттандырылган эмес.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
kechirmeni
2017-07-27 12:17:49
"Жакшы сотко бир ишенбоочулук коп, жаман сотко мин ишенбоочулук да аз". Жаны кыргыз макалы
+5
General.kg
2017-07-27 12:18:04
Текебаевтин соту "аншлак" менен өтүп калдыгоо! Эл аралык сотко кайрылып эле утуп чыкпаса баарибир соттолот!!!
+6
tynara81
2017-07-27 14:51:54
General.kg,кошулам. Сотко келтирилген өтүнүчтөргө, ишенбөөчүлүктөргө, сунуштарга чот кандай чечим кабыл алаары карапайым калкка деле белгилүү болуп калды го. Дагы эле убара болуп өтүнүч, сунуш, ишенбөөчүлүк көрсөтүп убара болбой койсо деле болчудай. Эл аралык сотто гана утпаса, булар толтура мыйзам бузуулар менен соттоп жатышат.
0
CEO
2017-07-27 12:22:50
Сот иши ушунчалык ыплас, адилетсиз отуп жаткан сон, эркенки шайлоо таза отоорунон азыр эле умут узуп коюш керек болуп калды......
+2
kechirmeni
2017-07-27 12:29:14
Бироого ор казсан озун тушосун деген элибизде, мейли каза беришсин оздору тушот
+3
OAN
2017-07-27 12:40:41
бул бийлик качан кетет деп отура бериш болбой калды корунот,административтик ресурс колдонуп мураскорун отургузуп кетет, кайра эле ушу корунуш кайталанат, чыдамым кетти, ойгонгула кыргыз элим, Кыргыз сырттан келген душманды кечириши мумкун, а оздон чыкканда кечирген эмес, мен Текебаевти колдойм, жакында акыйкат болбосо жарылатго эл.Супер инфонун журналисти жакшы суроо берди эле,кордукго даражасын.Аллах бар тободон чабатго уятсыздарды. Особенно бироону.
+1
Rifle_I
2017-07-27 13:22:53
Бул жерде Текебаевге бут тосуу болуп жатат. Эптеп сүйрөп отуруп президенттик шайлоого катыштырбаса, андан кийинкиси баары бир.
Мыйзам негизи карапайым элге гана иштейт. Бул жерде президенттин бир сөзү да. Соттолсун десе ушундай мыйзам бузуулар менен соттолот.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан