“Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов август айында президенттикке аттанып жаткан талапкерлер чогулуп, Кыргыз келечеги тууралуу сүйлөшүү керек экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-июлда “Кыргызстан” партиясынын съездинде билдирди.
“Кыргыз мамлекетинин келечеги үчүн жалпы талапкерлер чогулуп сүйлөшсөк жакшы болот. Убакыт келди жаңы муундагы, жаңы көз караштагы адамдар бийликке келиши керек. Аксакалдарды сый-урмат менен төргө чыгаруубуз зарыл. Демократиялык өлкө катары СССРдин курамына кирген мамлекеттердин чокусунда жүрөбүз. Эң негизги байлыгыбыз сөз эркиндиги болуп саналат”, - деди ал.
2010-жылга чейин ар бир партиянын өкүлү өз оюн эркин айтып, бийликти сындаган болгон эмес экенин кошумчалады.
Ал эми “Ата Журт” партиясынын тең төрагасы Ахматбек Келдибеков Конституцияда Кыргыз мамлекетинин ээси эл деп жазылганы менен, иш жүзүндө андай эмес экенине токтолду.
"Азыр мамлекеттин ээси бай-манаптар, хандык бийлик. Мыйзам иштебей жатат. Адилетсиз сот, адилетсиз кадр тандоо болуп жатат”, - деди Келдибеков.