2012-жылы Өзгөн райондук аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө 3310 төрөт болгон, алардын ичинен 117 айым операция жолу менен төрөгөн. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ал эми 2013-жылдын алгачкы 3 айында 847 төрөт болуп, 34 аял операция жолу менен төрөгөн.