Кыргыз өлкөсүнүн куралдуу күчтѳрү Орусияда танк биатлону боюнча мелдешке катышат

Кыргыз өлкөсүнүн Куралдуу күчтѳрү Орусияда танк биатлону боюнча мелдешке катышат. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, танкисттер ылдам жүрүү жана ок атуу, жекече эстафета түрүндѳгү жарыштарда күч сынашышат. Мелдешке Кыргыз куралдуу күчтѳрүнөн 20 танк экипажы катышат. Иш чара 29-июлдан 12-августка чейин Орусиянын Коргоо министрлигинин "Алабино" аскердик полигонунда өтөт.

Мелдешке Беларусь, Индия, Кытай, Бангладеш, Таиланд, Сауд Арабия, Өзбекстан, Казакстан, Марокко, Түштүк Африка Республикасы сыяктуу 19 мамлекеттин командалары катышмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
sanchos1
2017-07-29 12:39:32
Алла колдосун!!! Кыргыз жоокерлери аз болсо да мыкты даярдыкта экенин коргозуп келиниздер!!! Ийгилик жылоолосун!!!
+2
BekAmir
2017-07-29 17:02:09
Ийгилик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан