Бишкекте формалдуу эмес экономика маселелери боюнча семинар өтөт

Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги Эл аралык эмгек уюму менен биргеликте 22-майда Бишкектеги “Парк Отель” мейманканасында формалдуу эмес экономика маселелери боюнча семинар өткөрөт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Семинарга катышуу үчүн Кыргызстан профсоюздар федерациясынын жана иш берүүчүлөрдүн бирикмелеринин өкүлдөрү сыяктуу социалдык өнөктөштөр чакырылган. Мындан сырткары илимий чөйрөнүн, серепчилер коомчулугунун жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышышат. Бул иш-чара формалдуу эмес экономикалык маселелерди чечүүгө кызыкдар болгон чечүүчү тараптардын ортосундагы диалогду илгерилетүү максатында өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан