"КТРКнын Байкоочу кеңеши башкы директор Кубат Оторбаевге ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрөт". Бул тууралуу парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин 21-майдагы жыйынында КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы Фархат Бекмамбетов айтты.
Белгилей кетсек, комитет жыйынында КТРКнын Байкоочу кеңешинин 2012-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчёту угулууда. Бекмамбетовдун билдиришинче, Байкоочу кеңеш телеканалдын ишмердүүлүгү боюнча Кубат Оторбаевдин 2012-жылга карата отчётун "канааттандырарлык эмес" деп баалаган. Ошондой эле Оторбаевге ишеним көрсөтпөө маселеси жакын арада Байкоочу кеңештин жыйынында карала тургандыгы белгилүү болду.