ЖЫЛНААМА, 31-июль: 57 жыл мурун саясий ишмер Өмүрбек Субаналиев туулган

Саясий ишмер Өмүрбек Субаналиев 57 жыл мурун 1960-жылы 31-июлда Талас шаарында туулган.

Ал 1981-жылы СССРдин Ички иштер министрлигинин Карагандадагы милициянын жогорку мектебин аяктаган. Эмгек жолун 1981-1986-жылдары Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкери болуп иштөөдөн баштаган. 2005-жылы 24-ноябрда ички иштер министринин орун басары болуп дайындалган. Ал эми 2006-жылы 6-ноябрда ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп иштеген. 2007-жылы президенттик администрациясынын коргоо, коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы болгон. 2008-2009-жылдары – Нарын облусунун губернатору. 2010-жылы 12-июнда Ош ОИИБинин башчысы болуп, бул кызматта 7 күн иштеген.

31-июлга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан