"Апамдын улутуна тийишип сөз козгогон, мен үчүн оор нерсе", - деп билдирди бүгүн, 31-июлда маалымат жыйында президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов.
Ал апасынын ата-энеси каза болуп, кыргыз үй-бүлөсүнүн үйүндө өскөнүн айтты.
"Менин апамдын улуту жөнүндө көп сөз болуп жатат. Ушуну аныктап жакшылап жеткирсеңер. Атам кыргыз, апам түрк улутунан болот. Апам түрк тилин билчү эмес, кыргыз тилинде жакшы сүйлөчү. Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун апасы татар улутунан болгон. Анда Чыңгыз Айтматов дагы кыргыз эмеспи?" - деди ал.
Ошондой эле ал ата-энеси тууралуу сөз кылбай, өзүнүн кемчиликтерин айтууга чакырды.