Чыныбай Турсунбеков: "КСДПга ишеним көрсөткөнүм үчүн кызмат кылып жатам"

Бүгүн, 31-июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековго журналисттер КСДПдан чыгуусу тууралуу суроо беришти.

Спикер бул боюнча: "Мен эмне үчүн чыгышым керек? Партияны тандап алганым үчүнбү? Мен партияга ишеним көрсөткөнүм үчүн кызмат кылып жүрөм. Мени Алмазбек Атамбаев өзү чакырган. 2010-жылы Атамбаев министр болууну сунуштаганда баш тарткам. Ал Кыргыз мамлекетинде кыйын убакыт болуп жатканын айтканда КСДПга киргем. Менин бул партияга салымым көп. Ошол кезде мен ишенсем берилип партия үчүн жана мамлекет үчүн кызмат кыла турганымды айткам. Эгер ишенбесем анда чыгам деп айткам", - деди.

Эске салсак, Чыныбай Турсунбеков КСДПнын курултайы өтүп жатканда партияга өзгөртүүлөрдү киргизип, президенттик шайлоого аттана турганын айткан. Ошол эле учурда партиянын төрагасынын биринчи орун басары Фарид Ниязов КСДПнын чечими менен макул болбогон мүчөлөр партиядан четтетиле турганын айткан. Бул боюнча Алмазбек Атамбаев дагы Чолпон-Ата шаарында өткөн маалымат жыйында пикирин билдирип, "Чыныбай Турсунбеков жакшы иштеп, жакшы фракциянын лидери болуп иштеди. Бирок жаңылбаган адам болбойт экен да..." деген эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан