Орусиянын белгилүү алып баруучусу, көпчүлүккө "Пусть говорят" берүүсү аркылуу таанымал болгон Андрей Малаховдун орустардын Биринчи каналынан кетип, аталган каналдын алгачкы атаандашы болгон "Россия-1" телеканалында иштей турганы айтылууда. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда. Анда Малаховдун "Россия-1" телеканалы менен келишим түзгөнү, ал эми анын Биринчи каналдагы берүүсүнүн ордуна маркум ырчы Жанна Фрискенин жолдошу Дмитрий Шепелев "На самом деле" берүүсүн эфирге чыгара турганы айтылган.
Бул тууралуу эң алгач орус журналисти Егор Максимов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына "Малаховду Биринчи каналдан кетип, "Россия-1" телеканалы менен келишим түзгөнү айтылууда. Анын ордуна Дмитрий Шепелев жаңы берүүнү алып барат экен", - деп жазып чыккан.
Арадан көп өтпөй "Р-Спорт" басылмасынын башкы редактору Василий Конов журналисттин жазган постун бөлүшүп, "Бул факт жана учурдун сенсациясы", - деген билдирүү калтырган.
Ал эми Малаховдун жакындарынын бири бул сөздүн чыгышы телеканалдын ичиндеги пикир келишпестиктерден улам экенин айткан.
"Биринчи каналдын башкы директору Константин Эрнст "Пусть говорят" берүүсүнүн продюсерин алмаштырган. Бирок Малахов аны менен иштеше албасын айтып, эгер мурунку кесиптешин кайрадан кызматка койбосо жумуштан кетерин билдирген. Азыркы кептер ушундан улам чыгып жатса керек", - деген ал.
Алып баруучу өзү азырынча эч кандай комментарий бере элек.
Белгилей кетсек, Андрей Малахов 1996-жылдан бери Орусиянын Биринчи каналында эмгектенип келген. Алгач "Доброе утро" таңкы берүүсүнүн атайын кабарчысы болуп эмгектенсе, кийин "Большая стирка", андан соң "Пусть говорят" долбоорлорунун алып баруучусу катары таанылган.