Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 31-июлда “Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Коопсуздук кеңештин чечимине кол койду. Мындай чечим Коопсуздук кеңештин ушул жылдын 17-июлундагы отурумунда кабыл алынган. Президенттик аппараттан кабарлашкандай, жол кырсыктарынын көбөйүп жатышы өлкөдө жол-транспорт травматизминин деңгээли жогору экендигин жана анын өсүп жаткан тенденциясын айгинелеп турат.
Мындан улам чечим аркылуу жол кырсыктарын азайтуу максатында жол коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башкарууну автоматташтыруу, башкаруу чаралары, мыйзамдар, жол инфратүзүмүн жакшыртуу, жол кыймылынын коопсуздугун медициналык жактан камсыз кылуу каралган. Жол коопсуздугун камсыз кылууга багытталган чаралардын комплексин оперативдүү түрдө ишке ашыруу талап кылынат.