Манасчылардын эл аралык фестивалы 19-майда Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда жыйынтыкталып, ага катышкан 18 манасчынын ар бири 40 миң сом менен сыйланды. Алар: Сапарбек Касмамбетов, Кубанычбек Алмабеков, Назаркул Сейдракманов, Абдыманап Сапаралиев, Базарбай Сөлпиев, Салимбай Турсунбаев, Рысбай Исаков, Сыргак Мырзакаримов, Замирбек Баялиев, Камил Мамадалиев, Тилек Асанов, Өмүрбек Токтогулов, Дөөлөтбек Сыдыков, Самат Көчөрбаев, Улан Исмаилов, Элмирбек Иманалиев, Асанаалы Калил уулу жана Баянгалый Алимжанов. Эске сала кетсек, 18-майда эл аралык деңгээлдеги “Манас” фестивалы башталып, анда саат 10:00дөн баштап кечки саат 00:00гө чейин түз эфирде аталган 18 манасчы өлкөнүн ар кайсы аймагынан өнөрлөрүн тартуулашкан.