Өзбекстандын мамлекеттик телеканалынын 30-июлда чыккан берүүсүндө алгачкы ирет маркум президент Ислам Каримовдун саясаты сынга алынды. “Таҳлилнома” көрсөтүүсүндө “Каримов аймактагы лидерлик үчүн коңшу өлкөлөр менен атаандашып, күчтүү экенин далилдегиси келген” деп айтылды.
Маалымат-аналитикалык берүүдө өлкөнүн экономикасынан тарта социалдык, диний жана айыл чарбадагы абалы талдоого алынды. Көрсөтүүнүн катышуучулары Ислам Каримовдун тушунда кетирилген кемчиликтерди сынга алышты.
Талдоочулар мурунку президент кетирген алешемдиктерди учурда Шавкат Мирзийоев чечип жатканын айтышты. Берүүдө Ислам Каримовдун ысымы бир дагы жолу аталган жок, бирок анын саясатын дээрлик “ташбараңга” алышты.
Алып баруучу Мирзийоев бийликке келгенде эле коңшуларга үстөмдүк кылбай, ишенимге негизделген достук мамилени чыңдап, көптөн бери топтолуп калган маселелерди, өзгөчө чек ара жаңжалдарын жакшы сөз жана тынымсыз иши менен чечип келе жатканын айтты.
Каримовдун тушунда жана ал каза болгондон кийинки бир жылдан бери маркум президенттин саясаты сынга алынган эмес.