Мүйүздөн, минералдуу таштардан жасалгаларды жасап, жааларын 60тан ашуун өлкөгө тараткан уста

Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын тургуну Токтосун Кайырбеков бала кезинен тарта кол өнөрчүлүгү менен алектенип келет. Анын колу менен жасалган жаалар дүйнөнүн 60тан ашуун өлкөсүнө тараганын айтат карыя. Өз өнөрүн кийинки муунга өткөрүп берүү үчүн өзүнүн 3 уулун дагы устачылыкка үйрөткөн. Ал бир гана жаа эмес, мүйүздөн, минералдуу таштардан көптөгөн жасалгаларды жасап келет.

"Бала кезимден бери устачылык менен алектенем. Мүйүзгө бышыктыгы боюнча эч нерсе жетпейт. Кытайдыкын деле алып жатышат, ага караганда мүйүздөн жасалган оокаттарды өмүр бою урунса болот. Баарын кол менен кадимки керкинин жардамы менен жасайм. Мен үчүн жеңил, башкалар үчүн оор болот экен. Устачылыкты уулдарыма кичинекей кезинен үйрөткөм", - деген Токтосун Кайырбеков мындан 2 жыл мурда америкалык туристтер алып келген кыргыз жигиттерине да өнөрүн үйрөтүүгө аракет кылганын айтат.

"2 жыл мурун жашы 70тен ашып калган АКШдан келген турист "ушул абышканын өнөрүн алып калгыла" деп акчасын төлөп, Сүймөнкул Чокморов атындагы кесиптик лицейинен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ат-Башыдан жалпысынан 20дан ашуун жигиттерди чогулткан. Аларды окута баштагам, бирок акчасын чөнтөккө салган соң бирөө да келип аягына чыгарган жок. Мунун баары жалкоолуктан. Америкалыктар барктайт, өзүбүздүкүлөр барктабайт өкүнүчтүүсү ушул. Азыр да бекер окутууга даярмын. 5 күндүн ичинде орто деңгээлдеги уста чыгара алам. Андан кийин өзү кызыгып кетсе, үйрөнүшү бат эле. Бала-бакыра көрсө, мүйүздөр талаада жаткыча бир нерсе жасашса, майда-чүйдөсүнө жетмек", - дейт Кайырбеков.

Уста минералдуу таштардын касиети тууралуу токтоло кетти:

"Кыргыз жеринде минералдуу таштар көп. Алар тоолордон, агынды суулардан чыгат. Баары эле тааный бербейт. Минералдуу таштардан жарык өтөт. Азыр аларды чет өлкөгө болбогон акчага тонналап сатып жатабыз, саткандын ордуна өзүбүзгө калтырсак жакшы болмок. Минералдуу таштарды адам баласы тагынышы керек. Себеби алардын дартты тартып алып, керектүү нурду кайра адамга бере турган касиети бар".

Ал кол өнөрчүлүгү үчүн мүйүздөрдү бала кезинен бери талаадан кыя өтпөй чогултканын, алар бүгүнкү күнгө чейин бар экенин айтат. Токтосун Кайырбековго азыр да айылдаштары, чабандар мүйүздөрдү ала келишет, акысына камчы, билерик, сөйкө алышат.

"Кулжанын мүйүзү базарларда сатылат экен, бирок мен элди акчага кызыктырбоо үчүн сатып албайм. Себеби кызыгып кетишсе кулжаларга кол салышы мүмкүн, бул жаратылышка зыянын тийгизет. Акча, бизнес, саясат деген жаман. Жаштар ушуну түшүнүшсө, себеби келечек жаштардын колунда", - дейт уста.

Жыл сайын жай мезгилинде туристтерди ушундай жасалгалар менен камсыз кылып, кошумча киреше тапкан карыя өзүнүн кол эмгектерине эн тамгасын баспайт. Анын ою боюнча, бул көйрөңдүккө жатат. Ага "Кыргызда жасалган" деген гана сөз жетиштүү экенин баса белгиледи Токтосун Кайырбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
chekeli
2017-08-02 10:36:05
Cонунго
+1
kai42444
2017-08-02 11:45:55
Мен да уйронгум келип атат бул аксакалды кайдан тапсам болот же кантип жолугалам
0
bolsunalban
2017-08-02 11:47:29
Баракелде!
+1
bond02
2017-08-02 11:50:44
Колунузга береке. Бычагыныздан алыш керек экен.
+1
AzKumFerDan
2017-08-02 15:07:45
Азаматсыз.соонун буюмдар экен
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан