Бүгүн, 24-июнда Израилге каршы согуштук аракеттер токтотулганын Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи билдирди.
"Биздин күчтүү куралдуу күчтөрүбүздүн Израилди агрессиясы үчүн жазалоо боюнча аскердик операциялары акыркы мүнөткө чейин, таңкы саат 4кө чейин уланды",- деп жазды ал X социалдык тармагындагы баракчасына.
Ал ошондой эле Израилдин чабуулдарына жооп берген ирандык аскерлерге ыраазычылыгын билдирди.
Аракчи мурдараак эгер Израил Тегеран убактысы боюнча таңкы саат 4:00дөн кечиктирбестен чабуулун токтотсо, Иран жооп кайтаруу аракеттерин токтото турганын билдирген эле.
Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Израил менен Ирандын ортосунда ок атышууну толук токтотуу боюнча келишим түзүлгөнүн айткан.