Бүгүн, 2-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту “Элдик парламенттин” 5 мүчөсүнө карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу журналисттерге жактоочу Буркан Нишанов билдирди.
Бекболот Талгарбеков менен Төрөбай Колубаев 14 жылга, Марат Султанов 10 жылга кесилди. Ал эми Тойгонбек Калматов 5 жылга, Александр Гусев 3 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды. Алар “бийликти күч менен басып алууга даярдануу" жана "бийлик өкүлдөрүнө күч колдонууга даярдануу" боюнча айыпталган.
16-июлда соттук отурумда мамлекеттик айыптоочулар соттолуучуларга 16-18 жылдан жаза мөөнөтүн сурашкан.
Айта кетсек, 2016-жылдын май айында "Элдик парламенттин" бир канча мүчөсү кармалып, аларга карата кылмыш иши ачылган. УКМКнын билдиришинче, булар "бийликти күч менен басып алууга даярдануу", "бийлик өкүлдөрүнө күч колдонууга даярдануу" беренелери менен айыпталышкан. Аталган жарандар жана биримдиктин башка мүчөлөрүнө "өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган акция уюштурууну, андан ары мыйзамсыз аракеттер менен бийликти басып алууну пландашкан" деген күнөө тагылган.