19-майда Жалал-Абад шаарында “Жалал-Абад периси-2013” сынагы болуп, Айдай Сооронкулова жеңүүчү болду. Калыстар тобунун купулуна толгон сулуу Кыргызстан эл аралык университетинин Жалал-Абад шаарындагы филиалынын студенти. Ал эми 2-орунду 9-класстын окуучусу Айбарчын Заирова алса, 3-орунду түштүк аймактык жүрөк кантамыр жана хирургия илимий борборунун кызматкери Гүлбарчын Айдарова жеңип алды. Бул тууралуу "Элет Жаштары" коомдук бирикмесинин мүчөсү Абдыманап Дыйканов маалымдады.
Сынактын тандоо туруна 60тай кыз катышып, андан өткөн 12 бийкеч “Жалал-Абад периси-2013” наамына ат салышты. Калыстар тобунун курамында ырчылар Дайыр Исмадияров, KG Эльмурат жана башкалар болушту. Жеңүүчү болгон сулууга Ысык-Көлгө эс алып келүүгө жолдомо ыйгарылды. 2-орунду алган кызга компьютер, 3-орунду багындырган сулууга планшет ыйгарылды.