SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Ата-энебиздин биз бала кездеги жазасы" аталышындагы тема талкууга алынган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Менин эң эле эсимде калганы 4-классымда жадыбалды жаттабай ойноп жүрө берип, кечинде атам жумуштан келип "кана, айтчы" деген. Айта албай койгонумда 3 литрлик майды көтөртүп бурчка тургузуп койгону дале эсимде. "Колум талыды" деп ыйлагам. Ошондон кийин 4-классты бүткөнчө күн сайын жадыбал айтып берчү элем".
"Алты жашымда кошуна балдар менен жашынып тамеки тартканды үйрөнүп жатсам улуу агам жетелеп апамдын алдына алып келди. Апам чыбык менен колумду көгөртө чапкан. Эртеси көгөргөн колумду кармап алып ыйлагам. Ошондо катуу жазалабаса, балким, чоңойгондо тамеки тартып калмакмын. Ата-энебиз жакшы болушубуз үчүн жазалайт".
"Жакшы эле жазалады. Ал үчүн капа деле болбойм. Эсимде, 1-класста Алиппе китепти окуп жатканда атамдын канжалата урганы алигиче эсимде. 9-классты бүтүп, жадакалса окуу жайды бүткөнгө чейин күндөлүк, сынак китепчемден бери текшерип "окуп жатасыңбы же жөн эле барып келип жүрөсүңбү?" дейт эле. Жакшы эле көзөмөлдөгөн экен. Өз оюма коюп эрке өстүрсө тайраңдап, көчөдө тентип, өз билгенимди жасап жүрмөкмүнбү, ким билет?!"
"Атам тамеки тартканымды билип калганда бычак менен "нагло" эле колумду кесип таштаган, дале тырык бар. Азыр тамашалап "жүр, бирден тартып келели" деп калат".
"Атам колуна зым кармап алып "отжимания" жасатчу. Бир жолу 8 жашта болсом керек "каналдагы сууга чөмүлбөй чык!" десе маани бербептирмин, үйгө алып барып, калың жипти колуна ороп алып денем канагыча көгөртүп сабаган. Ох, эстесем жүрөгүм ооруйт. Дагы бир жолу эс тартып калганда классташ балам жатар маалда чакырса чыга калып, анда да ушундай болгон. Кийин-кийин көк боло баштагам, телефонумду алып койчу, 2 күн болгондо сурасам бербейт, аябай ыза болгом. Сырттан бир помидорго сепчү дарыны алып келип ичейин деп жатканда телефонумду берип, бир шапалак менен жатып калгам. Ий, айта берсем көп экен. Мерез болуп баштаган учурларымда көп эле таяк жедим го. Азыр, шүгүр, намаз окуп 180 градуска өзгөрүп, токтолуп калгандан бери колу тийбейт, сыйбыз. Ата-энени канчалык урматтоо, сыйлоо, барктоо керектигин жакшы билип калдым, сабыр күч, оозумду жаап, унчукпай сабыр тилеп кутулам. Эмнеси болсо да чексиз карызбыз".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.