Бүгүн, 3-августта президенттикке талапкерлердин төртөө мамлекеттик тил боюнча сынакка катышмак, тесттен экөөсү гана өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн Максатбек Жумабеков жана Адахан Мадумаров мамлекеттик тилди билүү деңгээлин текшерүү тестинен өтүштү. Жыйынтыгында Мадумаров 96,77 баллга, Жумабеков 81,6 баллга ээ болушту.
Ал эми Нусрет Муса-Оглы Мамедов сынакка чейин талапкерлигин алып салган, Игорь Трофимов эч кандай билдирүүсү жок эле бүгүн тестке келбей койгону белгилүү болду.
Эскерте кетсек, талапкерлер "Кыргызтест" системи боюнча 4 бөлүктөн турган тестирлөөдөн өтүштү. Анда кыргыз тили боюнча лексика-грамматика, угуу, окуу жана сүйлөөнү текшерүү каралган. Талапкерлердин мамлекеттик тил боюнча сынак тапшыруусу 26-июлда башталып, бир күндө 4 талапкер тестирлөөдөн өтүп турмакчы болгон. Сынактан ийгиликтүү өткөн талапкерлерге мамлекеттик тилди В2 деңгээлинде билерин тастыктаган сертификаттар тапшырылды.