Нарын облусунун Кочкор районундагы Ара-Көл айылынын чет жагында 80 метр тереңдиктен чыккан Күйгөн сууга күнүнө ондогон адамдар барышат. Суунун курамындагы күкүрт аллергия жана башка тери ооруларына даба катары колдонулуп келет. Көпчүлүк суусун куюп кетишет. Жергиликтүү тургундардын айтымында, ал 1980-жылдары казылган. Бири суу чыгаруу максатында казылганын айтса, экинчиси газ чыгаруу үчүн казылганын айтат.
Жердин астынан булактай чыккан муздак суу менен кошо күкүрт чыккандыктан, анын үстүнө ширенке чакса от күйөт. Отко 20-40 мүнөттө чай кайнатып, жумуртка кууруса болорун айтышат айыл тургундары. Оттун жалыны күндүз жакшы көрүнбөйт. Булак окумуштуулар тарабынан изилденген эмес.
Ара-Көлдөн ары 10 мүнөттүк жолдо "Чоң-Туз" кени жайгашкан. Анын башкы инженери Бакыт Алжанбаевдинайтымында, кен 1956-жылы негизделип ачылса, 1982-жылы санаторий катары да иштеп баштаган.
"Чоң-Туз" шахтасын илгери калмактар чукулук менен казган дешет, кийин суу каптап көмүп калган. Союз убагында казылганда кайыш, терилер, ала кийиз табылган. Шахтадагы абанын курамында Дмитрий Менделеевдин жадыбалынын 18 элементи бар. Мындан улам медицинада айрым ооруларды дарылоого андагы өткөөлдөр пайдаланылат", - дейт Бакыт Алжанбаев.
Шахтада бронхит, астма, аллергия жана дагы башка дем алуу органдарынын ооруларына чалдыккан Орусия, Казакстан жана Кыргыздын туш-тарабынан келген бейтаптар дарыланышат.
Учурда шахтадан чыккан кара туз Ысык-Көл жана Нарын облустарына жөнөтүлөт.
"Шахтада калмактар казган үңкүрлөр азыркыга чейин бар. Согуш жылдарынан кийин мамлекет иштете баштаган. Кээде жабылып кала берген. Акыркы жолу малдар шарп менен ооруганда 1970-жылдары Турдакун Усубалиевдин буйругу менен ишке кирип, бүгүнкү күнгө чейин иштейт. Союз учурунда 1-сменде 7 сааттын ичинде 40-50 тонна, 3 сменде 100 тоннадан ашык туз чыкчу. Ал убакта мал толтура, унаалар кезекте турушчу. Азыр керектөөчүлөр жок, жылына 400 тонна чыгарабыз", - дейт шахтёр Орозобек Чотбаев.
Шахтанын ичинде тоонун боорунан чыккан кийиздерди, терилерди көрүүгө болот. Алар жакшы сакталган. Кочкор өрөөнүндө Х кылымда эбегейсиз көп суу чыгып, өрөөндү сел каптап, туз кени чыккан тоого чейин жетип, натыйжада Кочкор өрөөнү, Тоң районунун батыш тарабы чөлгө айланганы айтылып келет. Мындан сырткары, шахтанын ичинде түбү жок делген туздуу көл бар. Ага келгендер ырымдап акча ыргытышат.