Азиз Батукаев боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия башкы прокурор Аида Салянова менен ИИМдин башчысы Абдулда Суранчиевди кызматтан бошотууну талап кылышат

"Мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда камактан бошотулушун жана өлкөдөн чыгып кетүүсүн иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссия башкы прокурор Аида Салянованы жана Ички иштер министри Абдулда Суранчиевди кызматтан бошотууну талап кылышмакчы. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда депутаттык комиссиянын айрым мүчөлөрү билдирди. Эске сала кетсек, буга чейин аталган комиссия, Коргоо жана коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Шамиль Атахановду, башкы прокурордун орун басары Людмила Усманованы, ЖАМКнын төрагасы Зарылбек Рысалиевди, Ички иштер министринин орун басары Фурхат Үсөновду, Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаеваны кызматтан алууну сунушташкан. Ал эми депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгы эртең, 22-майда Жогорку Кеңештин жыйынында каралат.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан