Финляндиянын Тампере шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз балбаны Акжол Махмудов күмүш медалдын ээси болду. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты маалымдайт.
Дүйнө чемпиондугунун 74 килограммга чейинки салмак чениндеги финалдык беттеште Кыргыз балбаны Акжол Махмудов америкалык Камал Амир Баиге кез келген. Анда эки спортчу тең мыкты техника көргөзүп, мелдештин эң кызыктуу беттештердин катарына кирди. Америкалык балбан жалпы 16 упай топтоп Акжол Махмудовдун үстүнөн жеңишке жетти. Жыйынтыгында Амир Баи алтын медалын жеңсе, Акжол Махмудов күмүш медалга ээ болду. Буга чейин ал түркиялык Али Осман менен беттешкен.
Эске салсак, аталган мелдеште 72 килограммга чейинки кыз-келиндер арасындагы беттеште Айпери Медет кызы алтын жеңип, Дүйнө чемпиону аталган.