Алмазбек Атамбаев Сапар Исаков менен Кыргыз Республикасынын 2040-жылга чейинки өнүгүү стратегиясын талкуулады

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков менен Кыргыз Республикасынын 2040-жылга чейинки өнүгүү стратегиясын талкуулады. Бул тууралуу 5-августта президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Атамбаев стратегияны түзүүдө адамдын өмүрү, ден соолугу, билими, укуктары жана эркиндиги документтин негизги маңызы болуш керек экенин айтты.

"Сапар Исаков президентке Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзам долбоорлорунун үстүнөн иш жүргүзүлүп жатканын маалымдады. Мындан тышкары ал өлкө башчынын тапшырмаларын аткаруу жана башка мамлекеттик органдар менен өлкө үчүн маанилүү стратегиялык милдеттерди ишке ашыруу үчүн кандай иш аракеттер болуп жатканын айтып берди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан