Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон менен жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Лавров Вашингтондун жаңы санкцияларына карата Москва кабыл алган чаралар тууралуу Тиллерсонго маалымат берди.
Лавров АКШ тирешүүнү токтоткон шартта Москва Вашингтон менен мамилени калыбына келтирүүгө даяр экенин белгиледи.
28-июлда Орусиянын Тышкы иштер министрлиги өлкөдөгү АКШнын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндөгү кызматкерлердин санын 455 кишиге чейин кыскартып, америкалык элчилик кызматкерлеринин Москвадагы дачаны пайдалануусуна тыюу салынарын кабарлаган.
АКШнын президенти Дональд Трамп Орусияга жаңы санкцияларды киргизе турган мыйзамга кол койгон. Орусиянын президенти Владимир Путин АКШ конгрессмендеринин жаңы чарасына жооп кылып, "Орусиядагы миңден ашык америкалык дипломаттардын 755и кыскарат" деп билдирген.