"Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу Өзбекстан үчүн маанилүү" деди Алмазбек Атамбаев

Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу Өзбекстан үчүн зарыл. Бул пикирди өлкө башчы Алмазбек Атамбаев 21-майда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында журналисттер менен жолугушуу учурунда айтты. Президент белгилегендей, Өзбекстан бул долбоор тууралуу туура эмес маалымат алып алганы үчүн ГЭСтин курулушуна каршы чыгууда. “Мурда бул долбоорго Казакстан дагы каршы болгон. Бирок сүйлөшүүлөрдөн кийин Нурсултан Назарбаев долбоор аларга керек экенин түшүнгөн. Камбар-Ата 1 ГЭСи Өзбекстанга Токтогул суу сактагычындагы суу азайып кеткенде керек болот. Мен Өзбекстандын премьер-министри менен жолугушуп, документтерди бердим. Менимче, маалыматтар президентке толук жетпей жатат”,- деп кошумчалады президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан