“Мен мурда Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна шектенүү менен карап жаткам, бирок ал өткөн 2012-жылдын декабрь айынан бери чыныгы түзүм болуп калды”. Мындай сөздү мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 21-майда журналисттер менен болгон жолугушууда айтты. Өлкө башчынын айтымында, 28-май күнү Кыргызстанда ЖККУга мүчө мамлекеттердин бейрасмий жыйыны болот. “Биз жаңы деңгээлге чыктык. Беларусь өлкөсүндө биз муктаж болгон товарлар бар. Кыргызстан Бажы биримдигине кирет деген үмүт менен биз дагы товарларды чыгара алабыз”,- деп кошумчалады президент.