Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-августта эки күндүк иш сапары менен Түркияга учуп барганын өкмөттүк аппараттан кабарлашты.
Жээнбеков сапарынын алкагында Түркиянын өкмөт башчысы Бинали Йылдырым менен эки тараптуу жолугушуусун өткөрөт. Андан ары Кыргыз Республикасынын делегация мүчөлөрүнүн катышуусу менен кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөрү улантылат.
Премьер-министр баштаган делегация Стамбул шаарындагы Манастын айкелинин ачылыш аземине, "Манас" тууралуу китептин бет ачарына, кыска метраждуу тасманын көрсөтүлүшүнө жана эпос жөнүндөгү театралдык иш-чарага катышат.
Ошондой эле делегациянын Түркия Республикасындагы Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуусу пландаштырылган.